Беседы на Шелковом пути

Всего статей в разделе: 21
25.07.2020
Просмотров: 20

Тилибиз менен динибиз төп келбей чайналдык

Эгемен Казакстан гезитинен оодарылган боордошубуз Мурат Ауэзовдун бул маеги “РухЭш” сайтынын окурмандары үчүн да зор мааниге ээ. Чыгыштын улуу ойчулу Абай Кунанбаевдин быйылкы жылда белгиленип жаткан 175 жылдык мааракесин улай бизде да белгилүү котормочу жана акын агабыз Абийрбек Абыкаевдин эмгеги менен кыргыз тилине оодарылган Абайдын “Жүрөктү агарткан кара сөздөр” аталышындагы даанышман ойлору жарыкка чыкканын эскертебиз...

-- Мурат ага, быйыл – Абайдын жылы. Жыл өткөн сайын Абайды таанып билүүгө болгон кызыгуу артып барат. Коомдун өнүгүү эволюциясында Абай казак тарыхына көчмөндөр цивилизациясынын акыркы өкүлү катары кирди. Абай заманынан кийин казак эли көчмөндөр цивилизациясы менен кош айтышып, жаңы коомдук формациянын эшигин ачты...

– Маданий процесстердин өз мыйзамдары бар. Мен «Маданий мурас» программасынын ички логикасын бир калыпка салууну мойнума алганымды айта кетейин. 20-кылымдагы эң чоң апаат – бул катуу ачарчылык болгон. Бул көчмөндөр цивилизациясынын кыйроосу эле. Көчмөндөр цивилизациясы мындан эки жарым миң жыл илгери темир доорунда башталган. Темирден жасалган ат жабдыктары: ооздук, үзөнгү, ээр токумдар пайда болгондон баштап көчмөндөр Евразия мейкиндигине чыгышкан. Бул – илимий-техникалык төңкөрүш болду деген сөз. Көчмөндөр тарых сахнасына чыккан соң, эл менен элдин, жер менен жердин байланышы чыңалып, бир чоң күчкө айланды. Бири-бири менен байланышы жок Кытай менен Индиянын карым-катнашы Жибек Жолунун аркасы менен жүзөгө ашты. Албетте, миграция да болду, баскынчылыктар да болду, бирок ошонун баары маданияттын өнүгүшүнө өз салымдарын кошту.

– Ошол кезде ааламдык диндер тарых сахнасына чыкты.

– Кытайда Конфуций менен Лао-цы туулду, Индияда буддизм тарала баштады, Заратустра да ошол кезде дүйнөгө келди. Грек коомунда да бир аз өзгөрүштөр болду, мифтин ордун тарых менен философия ээледи. “Библиядагы” окуяларга көз чаптырсак, Европа менен ага чектеш аймактарда да ири кыймылдар жаралган. Акырында өз убагында ааламдын жарымын бийлеген көчмөндөр цивилизациясы туңгуюкка келип такалды.

Абайдын ааламы – ары түбөлүктүү, ары табышмактуу аалам. Көчмөндөр цивилизациясы жар башына жакындап калганын кечеги зар заман акындары көрөгөчтүк менен сезе билишти. “Абайла элим” деп элди жылып келе жаткан кооптуу жагдайдан сак болууга чакырык ташташып, белгисиз келечекке көчмөндөр цивилизациясын калтырбай ала баргылары келгени, өздөрү үйрөнгөн, турмушунда кабылдаган адат-салты менен коштошкулары келбегени алардын ырларынан байкалып турат. Абайдын жаңычылдыгы, – бул анын өзү өмүр сүргөн доордо көчмөндөр цивилизациясы жетер чегине келип жеткенин түшүнгөнү. Ал болочок билеги күчтүүлөрдүн эмес, билими күчтүүлөрдүн колунда экенин сезип, элин ошого даяр болууга чакырды. Келе жаткан коопту жүрөгү менен сезип, “Абайла элим” деген эскертүүсү анын ар бир тыбышынан угулуп турду. А Мухтар Ауэзовтун даанышмандыгы – көчмөндөр цивилизациясынын казак талаасындагы соңку доорун Абайдын бейнеси аркылуу тарыхтан өчпөгөндөй кылып жазып кеткендиги болду.

Улуу Абайдан башталган казак мүдөөсү, Алаш азаматтарынын азыркы, а балким келечектеги урпактарга калтырган аманаттарын көздүн карегиндей коргоду. Бизге жеткизди.

Казакты сактап калар бир гана улуу күч казактын генинен, – анын дилинен берилерин мен өзүмдөн улам байкаймын. Тай-тай баскан алгачкы кадамымдан баштап апамдын: “Тили башканын дини башка. Дини башканын дили башка. Дили жат элден таяк жеп келдиң” деген ыр саптарын угуп өстүм. Бала болсом да, бул ыр саптарындагы эң маңыздуу ойдун, дилге келип такаларын бүткүл жан-дүйнөм менен сезер элем. Дилдин кудуреттүүлүгү да ушунда. Тилибиз менен дилибиз төп келбей чайналдык. Менин жол көрсөтөр жол чырагым да ушул – Дилим. Дилибиз мыкты болсо, табиятыбыз мыкты. Биздин дилибиз менен динибиз көчмөндөр цивилизациясы менен тамыры бир болуп жатпайбы. Көчмөн өмүрдүн жаңырыгы 1960–1970-жылдарга чейин угулуп турду. Ошол жылдары Москвада иш жүргүзкөн “Жаш тулпар” казак адабияты менен өнөрүнүн өсүшү мына ошонун сонун далили. Бул доор казак коомунун алтын кылымы болуп калды.

– Абай менен Мухтар Ауэзовдун ааламын бири-биринен бөлүп кароого болбойт, аны фрагменттер аркылуу эмес, комплекстүү, туташ, картина катары кароо керектигин моюнга алабыз. Сизде менден кийин Мухтар Ауэзовдун тагдыры эмне болот деген кооптонуу жокпу? “Менин Ауэзовум” деп чырылдап жүрчү Зейнолла Кабдоловдун арабыздан кеткенине бираз жыл болду...

– Коомдун кээри кетип, кыйроо деңгээлин өлчөп жүргөн эч ким жок. Жазуучу Габир Мүсиреповдун сөзү менен айтканда, ат туягын тай басар деген сөз көркөм өнөр дүйнөсүндө шай келбейт. “Мындан ары Мухтардын ордун, анын өзүнүн калтырган асыл мурасы гана толтура алат. Мухтар ордун бизге калтырган жок” деген эле Г.Мүсирепов. Бул коомго казак тили кереги жок болуп калса, казак эли да жер бетинен жок болуп кетет, казактар жер бетинде жашап турганда, Ауэзов да жашай берет деген сөз.

Ауэзов тууралуу сөз болгондо түбөлүктүү баалуулуктар жөнүндөгү маселе кошо айтылат. “Абай жолу” 20-чы, балким 21-кылымдагы улуу баалуулуктардын катарына кирет.

20-кылымдын башталышында талкаланып жок болуп бара жаткан көчмөндөр цивилизациясын эл эсинде түбөлүккө сактап калуу милдети турду. Бул милдетти поэзияда Илияс Жаншүгүров “Кулагер” аркылуу, прозада Мухтар Ауэзов аткарып кетти. Мухтар Ауэзовдун Абай темасына кайрылып, көңүлүн бурган учур – 1930-жылдар эле. Бул жылдардагы эң чоң кыйынчылыктардын бири – катаал цензура болгон. Атап айтсак: “Абай жолу” романында цензорлор 70 бет тексти алып салышкан, анда Кунанбайдын аялы Уулжандын аны Мекеге кантип узатканы сүрөттөлгөн эле. Бул эпизоддордо Кунанбайдын акылмандыгы менен адамгерчилиги көрсөтүлгөн. Казактын миң өлүп, миң тирилген эл экенин жогоруда айтып өткөм. Замандын демин терең сезген адамдар ар дайым болуп келген.

– Ал эми азыр “Абай жолу” сыяктуу эпопеянын жазылышына доор мүмкүндүк берип жаткан жокпу?

– Казак эли таланттардан кем эмес. Доорго доордун көзү менен карай ала турган таланттар бар. 21-кылымга 21-кылымдын көзү менен карай турган адамдар туулуп, калыптанууда. Мен кийики толкундагы жаштардын арасынан убакыттын демин молекулярдык, атомдук деңгээлде сезгендер бар экенин байкап жүрөм. Бул мени кубантат. Бирок кылым жүгүн көтөрө ала турган чыгарманы жаратыш үчүн тарыхий шарт (императив) болушу абзел, мына ошондон күч-кубат алыш керек. Улуу эпопеяны дүнүйөгө жарата ала турган жан биздин арабызда жүрүшү толук мүмкүн. Бирок жалгыз эле мамлекеттик императив кылымдын деңгээлиндеги көркөм чыгарманы жаратууга түрткү боло албайт. Ал үчүн каухардай таза талант керек. Аны жасалма түрдө башкарууну мындай кой, ага кылымдардын тогошунда кала турган сунуштарды да зордук менен киргизүү мүмкүн эмес. Биздин милдетибиз – ышкысын жалындата ала турган жаш таланттарды таап, аларга багыт берип, жолун ачуу. Аларга өздөрүнүн талантынын коомго керектигин түшүндүрүү.

– Мухтар Ауэзовдун бул жашоодон өткөнүнө 60 жыл болуп калды. Атаңыз тууралуу аңызга бергис акыйкат кептер бүгүнкү күнгө чейин айтылып келет. Дыңды өздөштүрүү башталган кезде М.Ауэзов башында турган улут интеллигенциясы Кытайдагы казактарды элге көчүрүп келүү маселесин жогорку жакка койгон дешет. Дал ошол маселе тууралуу анын “Казахстанская правда” гезитинде жарыяланган макаласын бүгүнкү күнү эскерген киши жок.

– Жакшы айттың. Ауэзов ааламы ушул күнгө чейин толук изилденип бүтө элек. 1930-1954-жылдар арасындагы өмүрү тууралуу маалыматтар Москванын архивдеринде алиге чейин жабык маалымат катары сакталып келет. 20 жашында Жапония тууралуу макала жазган. Атамдын өмүрүнүн акыркы жылдарында Жапония тууралуу ачылып айтпаганы мага табышмактуу эле. Мурда эч жерде жарыяланбаган, 1957-жылы жазылган күндөлүктөрүн окуган соң көңүлүм жайланды. 1957-жылы Жапонияда өткөн бүткүл дүйнөлүк жыйында сөз сүйлөгөн экен. Казакстандагы ядролук сыноолорго карата бул жакта айта албаган пикирин ошол жерден айтып, атуулдук милдетин орундаткан экен. 1959-жылы Лениндик сыйлык берилди деген кабар жеткенде жакын адамдарынын арасында айтылган “Мылтыктын оозу эми ары бурулган чыгаар” деген бир ооз сөзү көп нерсени чечип коюптур. Ал эми дыңды өздөштүрүүгө карата окуяны 1970-жылдары Москвадан элибизге кайтканда эшиттим. Бирок накта маалыматты таба алган жокмун.

– Абай менен Алаш азаматтарынын ойлору бир жерден чыкса керек. Мисалы, Алаш интеллигенциясы кандайча Абайга айланды? Абайдын руху менен ойлору алашчылардын рухунда кандай орун алды?

– Мухтар менен Илиясты ушул көз караш менен карап көрсөңөр, таптакыр башкача кырынан ачылат эле. Илиястын Акан сарысы менен Кулагерин карачы. “Абай жолундагы” бороондун өзүн эле жеке алып талдаса болот. Бороон – ачарчылыктын бейнеси! Мухтар Ауэзов – күрөшчүл адам, ал өзүнүн акыл-эстүү күрөшүн эч качан токтоткон эмес. Аны –Абайдын жолун жолдоочусу, шакирти десек да болот, ал Алаш азаматтарынын жолун улантуучусу! Мисалы, атамдын Жапониядагы сүйлөгөн сөзүн Алаш арстандарынын идеясы деп айтсак жарашат.

– Биз үчүн Жапония алыс да болсо – жакын, жакын болсо да – алыс эл. Алаш интеллигенциясы Жапонияны Казак мамлекеттүүлүгү үчүн үлгү катары карашкан. Өсүп-өнүгүшү жагынан ал али күнгө чейин бизге үлгү болуп келет. – Улуттун биригишине кедергисин тийгизе турган факторлорду жоюу үчүн кээде өзүңө кыйбастай көрүнгөн карманган жолуңдан аттап өтүүгө туура келет. Алаш интеллигенциясынын алыстагы Жапонияга деген ыкласын бала кезимден көрүп-билип өстүм. Жапония интеллигенциясынын биздин элге карата көз караштарын алардын өздөрүнөн билүү мен үчүн кызык эле. Арийне, саясат, экономика тарабында кызыгуулар өтө көп, бирок эң башкысы, жапондор ушул аралдарга өздөрүнүн качан келишкендиктерин билгилери келет. Алар кайдан келди? Бул суроо ар бир жапондукту толкундатат, анткени археологиялык казуулар негизинен биздин доорго чейинки 7-кылымдан башталат, андан эрте кездеги артефактылар жок. Бул тууралуу жапондук досторум менен далай ирет сүйлөштүм. Жапондуктар өздөрү түпкү аталары Жапон аралдарына азыркы Казакстандын территориясынан, мүмкүн Балхаш менен Алтайдын түштүк аймактарынан келишкен деп болжолдошот. Буга көп далилдер бар. Мени кызыктырган экинчи маселе – 19-чу 20-кылымдарда Жапонияны эки кризистен алып чыккан феномен. 19-кылымдын аягында Азия элдеринин көпчүлүгү колониалдык саясаттын каамытын кийгенде, Жапония өзүнүн көз карандысыздыгын сактап калган.

Жалпысынан Жапониянын өнүгүү сырын 4 ооз сөз менен чечмелөөгө болот: Ал – император, Жапон эли, Жапон аралдары, Улуттун биримдиги менен бир туугандыгы. Феодализм – капитализм аралыгындагы шаты: улуттук сапаттын бийик деңгээлге көтөрүлүүсү – бул Жапониянын өнүгүшүнүн купуя сырынын жалпыланган сыпаттамасы.

20-кылымдын башында Жапониянын деңиз аскерлеринин Цусимиде орус флотуна катуу сокку уруусу көңүл бура турган окуя болгон. Андан кийин жыйырманчы жылдар келди. Жагдай тез өзгөрдү. Россияда төңкөрүш болду. Казак улуту көчмөндөр цивилизациясы менен кош айтышып, тектоникалык өзгөрүштөр менен бетме-бет калды. Алаш Орда партиясына бириккен казак интеллигенциясынын өкүлдөрү ошол доорго мүнөздүү тар жол, тайгак кечүүдө өз жолдорун издеп, көз карандысыздык үчүн болгон күрөштү курал колдонуу менен да, элди окутуу аркылуу тынчтык жолу менен да жүргүзүү чечимин кабыл алышкан. Дал ошол кезде Миржакып Дулатов менен Ахмет Байтурсунов Жапонияга назарын сала баштаган. Ошондон кийин атам 20 жашында Жапонияны тыгындан чыгарган Мейдзи реформасынын купуя сырын талдап чыгып, “Жапония” деген аталыштагы изилдөө жүргүзгөн эмгегин жазды.

– Азыркы казак коому менен жапондуктардын ортосунда кандай окшоштуктарды байкадыңыз? – Арийне, азыркы Жапонияда ар түрдүү ишенимдер көп, бирок ар бир жапондукка синтоистик багыт жакын. Бул ишенимде синтоистик храмда айтылып жүрчү үч постулат бар: табийгатка таазим кылуу, ата-бабалардын рухуна таазим кылуу жана бардык жерде тазалыкты сактоо. Теңирчиликке жакын дүйнө тааным. Ушуга байланыштуу жапондуктарга башка мусулман боордошторубузга караганда биз алда кайда жакын сыяктанабыз.

Осакодогу өлкө таануу музейинде биздин доорго чейинки 6–7-кылымдарга таандык чоң коргондун үлгүсү коюлган. Бул сырттан караганда биздин сактардын коргондоруна көбүрөк окшойт. Бал-бал таштар бизде да бар, Жапонияда да бар. Бул жөн жеринен эле болгон нерсе эмес. Жапон улутунун материктен аралдарга конуш алмаштыруусу көптөгөн миң жылдыктар бою жүрдү. Ошол миң жылдыктар жапон улутунун мүдөөсүнө кызмат кылды. Муну жапонду басып алам деп максатына жете албаган Чынгызхандын Батыйынын тажырыйбасынан байкаса болот.

– Кытай өтө жабык эл деп айтылып келет. Чет элдиктерге өздөрүнүн ички дүйнөсүнө тереңдеп кирип кетишине эч качан жол беришпейт. Сиз элчи болдуңуз, кытайлык досторуңуз да жетиштүү. Кытайды сырттагы эл менен курчап койгон көшөгөнү сиз ача алдыңызбы?

– Кытайдын ички жана сырткы саясатындагы оңду-солду иштерди түшүнүү кыйын. Чет элдиктерди мындай кой, аны жергиликтүү азаматтардын өздөрү да жакшы түшүнө беришпейт. Кытайдын табышмагын коюулантып турган механизмдер эч качан ачык айтылбайт. Кээ бир кездерде үзүк-кесик фрагменттер сезилип калат. Бирок толук эмес. Ал эми Казакстан менен карым-катнашын айтсам, биздин эл Кытай менен Европанын ортосундагы буфер. Бул биздин маңдайыбызга жазылган чындык. Ошондуктан биз өз милдетибизди жакшы аткарышыбыз керек. Көзүм жеткен акыйкат – биз коркунучтуу чектин алдындабыз.

Ошондуктан Кытай менен карым-катнашта эки нерсени эстен чыгарган болбойт. Биринчиси – фундаментализм, экинчиси кубулма саясат. Алар геосаясий сахнада өтө чебер ойношот. Кези келгенде өздөрүнүн карманган багыт кескин өзгөртүп, таптакыр башка тактикага өтүп кетиши мүмкүн. А экинчиси – фундаментализмге себеп катары, Кытайдын 1,5 миллиардга жакындап калган элине жер керек. Бул эч качан өзгөрүлбөй турган абал. Сөздүн кезеги келип турганда казак коомунун эсине мына бул тарыхий фактыларды салгым келди. 751-жыл биздин расмий тарыхтын сыртында калып келет. Кытайлардын өздөрү да сегизинчи кылымда биздин аймактан айласыздан артка чегинип кетишкендерин айтып жатышпайбы. А биз Кытайдын өзү моюнуна алган 751-жылдагы бабаларыбыздын тарыхий жеңиши болбогон сыяктуу, кеп кылбай жүрөбүз. Биздин казактын чыгыш саясатында эң бийик көтөрүп, даңазалай турган дата ушул 751-жыл болушу керек эле. Ал кезде биздин ата-бабаларыбыз арабдар жана согдиялыктар менен биригип, Талас өзөнүнүн жээгинде кытайлардын эсин оодарган сокку беришкен. Ал таң доорунда түрк тилдүү бабаларыбыз Кытайдын ичине чейин кирип, төрүнөн орун алган. Кытайлар аны жакшы билишет, а биздикилер эстегилери келишпейт.

Мындан бир нече жыл мурда Кытайлар тараптан түшкөн сунушту эске алып, кытайды жакындан таануу максатында казак тилинде “Коңшу” деген журнал чыгармакчы болгонбуз. Мен бул кадамга эмне кылып жатканымды жакшы түшүнүп баргам.

– Сиздин «Кытайга жиберилген тунгуч нота жетилген сырткы саясаттын белгиси” деген пикириңиз эл ичинде тарап кетти. – Бул эми мурдатан айтылып келе жаткан маселе. Өкүнүчтүүсү, биздин Тышкы иштер министрлиги буга көп маани бербей келген эле. Жалпысынан алганда Кытайдын стратегиясын түшүнүп билүү үчүн өзгөчө бир көрөгөчтүктүн кажети жок. Ааламдагы ири шаарлардын баарында China Town феномени болуу Кытай саясатынын бир кыры. Өз убагында аны да фактыларга таянып айтканбыз.

Чет элде жашаган кытайлыктар, ошол жашаган өлкөнүн атуулдугун алышканына карашпай, өздөрүнүн “улуу мекенине” акча которуп турууну өздөрүнүн мекен астындагы милдети катары эсептешет. Жетимишинчи жылдардан баштап Кытайдын экономикасынын көтөрүлүшүнө бул фактор чоң таасир тийгизген. Мындай тамырлашуу ыкмасына тийиштүү деңгээлде жооп кыла албасак, анда эле биздин бүткөнүбүз дей берсек болот. Казакстандын Кытайдагы элчиси болуп турганымда расмий түрдө трансчегаралык дарыялардын көйгөйүн көтөргөн элек. Ошондо Казакстан өкмөтүнүн расмий түрдө жиберген алгачкы сунушу, Иле менен Иртыш сыяктуу трансчегаралык дарыяларды биргелешип пайдалануу маселеси болду. 1992-жылы ошол документти тапшырган элем. Кытайга жолдогон алгачкы нота биз үчүн маанилүү. Дал ушундай кадамдардан сырткы саясатыбыз өсүп, калыптанат. Коомубуздун саясий аң-сезими, акыркы кездерде кадыресе маанилүү эволюциялык өсүштөргө ээ болууда. Нечен жылдан бери чечилбей келген карама-каршылыктарды чечүүнүн жолдорун издеген коомубуз чыңдалып келе жатат. Муну тегерегибиздеги коңшуларыбыз көрүп-билип турушат.

Дал азыр мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевге бүткүл элдин колдоосу маанилүү. Мен муну азыркы күндүн зарылчылдыгынан жана сырт жактан келүүгө даяр турган кооптуу жагдайды ички туюмум менен сезип жатканымдан улам айтып жатам. Элдин ишеним жана колдоосу Президентке Казахстанды кризистин кандай түрү болбосун, андан алып чыгуусуна мүмкүндүк берет.

Биз, башкаларга өсүп бара жаткан улуту бар, өнүгүп бара жаткан сырткы саясаты бар, өз келечеги тууралуу ойлонуп, кам көрө турган мамлекет экенибизди көрсөтчү кез келди. Кытайга нота жиберүүгө ат салышкан азаматтарга алкыш айткым келет. Бул биз үчүн жаңы салт. Бул улана берсин. Биз ушундай чечимдер аркылуу башкалар менен терезеси тең, өнүккөн мамлекетке айланабыз. Миң жылдык тарыхы бар Кытай менен карым-катнаш түзүү – күрдөөлдүү маселелердин бири. Ошондуктан Кытайды жакшы билген адистер коомго бул жагдайдын бардык чындыгын жеткизиши керек, ал ар бирибиздин милдетибиз деп билем.

Биздин шартыбызда Орто Азия элдери бири-бири менен тыгыз катнашта болушу керек. Бири-бирибизден алыстап бөлүнө берсек, алп мамлекеттердин жемине айланабыз. Орто Азия аймагында АКШ менен Россиянын ортосунда саясий тартыш башталып кетти. Россия деле жеңилгис эмес. Орто Азия элдеринин бирге болушуна негиз жеткиликтүү. Бири-биринен алыстап кетүүгө жол ача турган себепти көрө алган жокмун. Байлык да, эл да аз эмес. Биримдиги жарашкан Орто Азияга айланбасак, жер бетинен жок болуп кетишибиз толук мүмкүн. Өзүн басып алган элдин тилин өздөштүрүп, анын талабына көнүп олтуруп, ошол эле убакта өз улуттун улуттугун сактай алган эл сейрек. Казак ошолордун катарында. Бул биздин эч кимдикине окшобогон тагдырыбыз. – Эл ичинде “кулчулук ой жүрүртүүдөн арылуу – кулдуктан бошонуп чыгуу саясатын 1990-жылдары эле колго алуу керек эле. Көп кырдаалдарда туура чечимди табууда кечигип калдык” деген пикирлер айтыла калып жүрөт. Сиз эмне дейсиз? Биз чыны менен эле кечигип калдыкпы?

– Ооба, көйгөй бар. Кээде жигердүү аракет жетишпейт. Ошентип айтабыз да “кулчулук ой жүгүртүү саясатын 1990-жылдары башташ керек болчу” деп шалаакылыгыбызды өткөн күндүн энчисине ыйгара салабыз. Ал эми убакыт өтүп жатат. Эгерде мамлекеттик программаларыбыз менен өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулсак, бардыгы башкача болмок. Тоталитардык режим ой жүгүртүүнүн майдалап бөлүнгөн түрүн гана эстеп калууга көндүргөн. 1930-жылдын чындыгы азыркыга чейин айтылбай келет. Болгону, мына муну айтса болот, а тигинисин айтууга болбойт деп бөлчөктөргө бөлүп айтылып келди. Ой жүгүртүүнүн табигаты чындыктын бир бөлүгүнө салынган тыюу салуулар менен келише турган болсо, андай ой жүрүтүүдөн эч кандай майнап чыкпайт. Ошондуктан, биринчиден, биз өз элибиздин көйгөйлөрүн бири-биринен бөлбөй, туташ, комплекстүү карап изилдеп үйрөнүшүбүз керек. Деколонизациянын табигаты кайбирлердин саясий чечимине көз каранды эмес. Ал ой жүгүртүүдөгү күмөн саноолорду жеңип, акыл-ойду тарбиялап, рух менен ой жүгүртүүнү чыңайт. Биздин элибиз миң өлүп, миң тирилген. Кээде табигаттын өзү, эл тагдырын сын көз менен караган үчүн, ал элдин таланттуу муундарына, элине ак кызматын өтөөгө мүмкүнчүлүк берип жаткан сыяктуу. Аркабыздан таланттуу жаштар өсүп келе жатат. Мен алардын тазалыгына жана адалдыгына суктанам. Казактын болочогу үчүн, казак бирөөлөрдүн кол алдына эрксиз улут болгонун унуткаруу үчүн, бир аз кылган эмгегибиздин акыбети кайтып келе жатат.

– Аңгемеңизге рахмат.

Аңгемелешкен Гүлбаршын АЙТЖАНБАЙ кызы

Казакчадан оодарган Абийрбек АБЫКАЕВ